Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймакта жер титиреди

  • 1 месяц мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 15-январда. саат 04:43тө Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык, очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта, Ош шаарынан 140 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты