Кыргызстан менен Түркия кино жана сериалдарды биргелешип тартышат
- 1 месяц мурун
Кыргызстан менен Түркия биргелешкен кино жана сериалдарды тартууга киришет. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Бишкектеги Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммитинин алкагында билдирди.
Министрдин айтымында, эки өлкөнүн ортосунда аудиовизуалдык продукция өндүрүү боюнча кызматташуу келишими түзүлдү.
«Бул келишим Түркия менен биргелешип кинотасмаларды, видеоматериалдарды жана сериалдарды жаратууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, биз тажрыйба алмашабыз, бул глобалдык кинопродукция тармагында өзгөчө мааниге ээ. Жакында эле Италия менен ушундай эле келишимге кол койгонбуз» деп белгиледи Максүтов.
Кыргызстанда жыл сайын киноиндустрияны каржылоо көбөйүүдө.
“2025-жылы биз кинопавильондорду курууну пландап жатабыз, бул чет элдик өнөктөштөр менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Сериалдары менен белгилүү болгон Түркия биз үчүн маанилүү өнөктөш болуп калат” деп кошумчалады министр.
Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өттү.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан