Кыргызстан менен КМШ өз ара соодасы 10%га өскөн. Быйыл да бул көрсөткүч сакталууда

  • 1 год мурун

Кыргызстан менен КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын деңгээли өткөн жылы 10%га өсүп,  жалпы соода жүгүртүүнүн 37,4%ын, анын ичинде экспорт 48,2%ды, импорт 34%ды түздү. Бул көрсөткүч быйыл да сакталууда.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамда белгиледи. 

МинКаб сайтында кабарлангандай, Касымалиев “Кыргызстан энергетика, логистика, курулуш, айыл чарба, санариптик экономика жана “жашыл” технологиялар боюнча биргелешкен долбоорлорду активдештирүүгө даяр” экенин билдирди.  

Адылбек Касымалиев, экономикалык кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири туризмди белгиледи. 

“Туристтик маршруттарды түзүү боюнча биргелешкен долбоорлор жана программалар аркылуу аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маанилүү деп эсептейм. Кыргызстан КМШ өлкөлөрү менен бардык тармактарда биргелешип иштөөгө умтулат” деди. 

Тажикстан 2025-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылууда.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты