Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзөт

  • 2 года мурун

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 11-октябрда, кыргыз-азербайжан биргелешкен кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунун чечимине кол коюшту.

Мындан тышкары бир катар документтерге кол коюлду: Анын ичинде Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Азербайжан Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Кыргызстан менен Азербайжандын биргелешкен эки тараптуу инвестициялык фондунун уставдык капиталы 25 млн долларды түзөт. Штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты