Кыргызстан Казакстанда кармалган жарандарына байланыштуу расмий Нур-Султанга нота жиберди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы башаламандыкка тиешеси бар деген айып менен кармалган кыргыз жарандарына байланыштуу расмий Нур-Султанга нота жиберди.

ТИМ мындан тышкары Чымкент шаарында 38 кыргызстандык кармалып кайра кое берилгенин билдирди.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн сессиясында казак бийлигинен тополоңго тиешеси бар делген кыргызстандыктар тууралуу акыйкат иликтөө жүргүзүүнү өтүндү.

Белгилей кетсек, казак полициясы башаламандыкка тиешеси бар деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалган жана алардын тек-жайы такталып жатат.

Алматы шаарында кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулуп, учурда Бишкекке келе жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты