Кыргызстан-Казакстан: Өз ара сооданын көлөмү 1,7 млрд сомду түздү
- 4 недели мурун
- Баяндар
Ушул жылдын 9 айында Кыргызстан- менен Казактсандын өз ара соодасынын көлөмү 1,7 млрд долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15%га көбөйдү. Ал эми ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Казакстандан Кыргызстанга түз инвестициялардын келиши дээрлик 64 млн долларды түзгөн.
Бул тууралуу 13-ноябрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйыны кеңейтилген курамында белгиленди.
Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалгандай, жыйында Адылбек Касымалиев cоода жана инвестиция жаатында эки тараптуу мамилелердин активдешип жатканы белгиледи. Маселен, ушул жылдын 9 айында өз ара сооданын көлөмү 1,7 млрд долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15%га көбөйдү. Ал эми ушул жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча Казакстандан Кыргызстанга түз инвестициялардын келиши дээрлик 64 млн долларды түзгөн.
Кыргыз-казак өкмөттөр аралык отурумунун жүрүшүндө бир катар тармактарда кызматташуунун актуалдуу багыттары белгиленди. Анын ичинде чек ара аймагында Индустриялык соода-логистикалык комплексин жана Алматы облусунда мөмө-жемиштер менен жашылчаларды сактоого арналган Дүң-бөлүштүрүү борборун түзүү. Бул долбоор айыл чарба продукциясынын үзгүлтүксүз жеткирүүсүн камсыз кылат.
Ошондой эле, Казакстандын Кыргызстанга мунай жана мунай заттарын өкмөттөр аралык келишимдин негизинде жеткирүү механизмин иштеп чыгуу.
Мындан тышкары, эки тараптуу соодага олуттуу дем бере турган “Кичи-Капка – Бесагаш”, “Ак-Тилек – Карасуу” жана “Каркыра – Кеген” көзөмөл өткөрүү пункттарын реконструкциялоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо, ошондой эле “Төмөнкү-Чүй – Ак-Суу” пунктунун ишин калыбына келтирүү.
Отурумда тараптар эки тараптуу соода жүгүртүүнү активдештирүүгө жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө жараткан региондор аралык байланышты кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов 2030-жылга чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга чейин жеткирүү тапшырмасы коюлганына токтолушуп, бул багытта тиешелүү иштер активдешээрин кошумчалашты.
Ал эми Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстан менен биргеликте мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетип, болгон милдеттерин иш жүзүндө ишке ашырып, боордош эки элдин жыргалчылыгы үчүн бардык макулдашууларды алдыга жылдыруу боюнча максималдуу күч-аракетин жумшаарын билдирди.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн соода жүгүртүү, экономика, суу ресурстары, энергетика тармактарындагы мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн баяндамалары угулду.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынынын соңунда тараптар отурумдун протоколуна кол коюшту. Протоколдо соода-экономика, инвестиция, суу-энергетика, маданият жана туризм тармагындагы кызматташуу, ошондой эле аймактар аралык кызматташтык жөнүндө маселелери камтылган.
Сүрөт: gov.kg




