Кыргызстан-Катар: Эки тараптуу мамилелердин маанилүү учуру

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 7-июнда, президент Садыр Жапаров менен Катар эмири, шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү өттү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана анын келечегин, кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү жана өнүктүрүү чараларын талкуулады.

“Бул сапарыңыз өз ара ишенимге негизделген кыргыз-катар бир туугандык мамилелеринин жаңы барагын ачаарына жана ар кыл багыттарда кыргыз-катар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү берерине терең ишенем» деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде Катар эмири, шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Президент Садыр Жапаровдун чакыруусуна жана меймандостугуна ыраазычылык билдирди.

Бул анын Кыргызстанга жасаган биринчи сапары экенин, Кыргызстан менен Катардын эки тараптуу мамилелериндеги маанилүү учур болуп жатканын баса белгиледи. Быйыл эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракеси белгиленет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты