Кыргызстан Иран-Израил жаңжалын тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүнү сунуштайт
- 1 год мурун
Кыргыз Республикасы чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн каражаты катары диалогду жактай турганын жана ар кандай чыр-чатак эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин, биринчи кезекте БУУнун Уставынын негизинде сүйлөшүү үстүндө саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек экендигине бекем ишенет.
Бул тууралуу 21-июнда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясында билдирди.
Кулубаев Иран-Израиль жаңжалынын курчуп баратканына жана Газа тилкесинде болуп жаткан кайгылуу окуяларга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын терең тынчсыздануусун билдирди. Жаңжалдар аймактык коопсуздукка жана бүтүндөй эл аралык туруктуулукка өтө терс таасирин тийгизерин белгилдеди.
Буга байланыштуу ал кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча биргелешкен күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи жана жаңжалды тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш регионунда бекем тынчтыкты орнотуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого чакырды.
Кыргыз Республикасы чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн каражаты катары диалогду жактай турганын жана ар кандай чыр-чатак эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин, биринчи кезекте БУУнун Уставынын негизинде сүйлөшүү үстүндө саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек экендигине бекем ишенет.
Министр Кулубаев Кыргызстан аймактык кызматташтыкты чыңдоого салым кошууга, кызматташуунун жаңы натыйжалуу форматтарын табууга жана ошол эле учурда эки тараптуу жана көп тараптуу форматта түрдүү глобалдык таасир борборлору менен активдүү өз ара аракеттенүүгө ниеттенип жаткандыгын баса белгиледи.
20-22-июнда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясындагы жолугушууларда саясий кызматташтык, мусулман өлкөлөрүндөгү кагылышуулар жана жаңжалдан кийинки кырдаал, Жакынкы Чыгыштагы учурдагы абал, исламофобия менен күрөшүү, мусулман азчылыктарынын абалы жана ИКУнун ишинин башка актуалдуу багыттары талкууланды.
Сүрөт: ТИМ




