Кыргызстан Газа секторундагы гуманитардык укук бузууну тезинен иликтөөгө чакырды

  • 6 месяцев мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Палестинанын жарандарынын көп сандаган курмандыктарына алып келген Газа секторундагы Аль-Ахли ооруканасына болгон аскердик соккуну кескин айыптайт жана бул эл аралык гуманитардык укук бузууну ар тараптуу иликтөөгө чакырат.

Жарандарды жана жарандык инфраструктураны коргоону караган эл аралык гуманитардык укук принциптерин жана нормаларын сактоо маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Ушуга байланыштуу, тараптарды курмандыктарга жана карапайым калкка каршы зордук-зомбулукка жол бербөө жана согуштук аракеттерди токтотуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө жана тынчтыкка жетишүү кызыкчылыгында сүйлөшүү процессин тез арада баштоого чакырат.

Кыргыз Республикасы Израиль-Палестина жаңжалын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жана Башкы Ассамблеясынын резолюцияларына ылайык тынчтык жолу менен чечүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты