Кыргызстан делегациясы Кеннеди борборунда өткөн C5+1 бизнес конференцияга катышты
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаровдун Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында C5+1 форматтын 10 жылдыгына арналган C5+1 Expo бизнес-конференциясына кыргыз делегациясы катышты.
Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз борбору 11-ноябрда кабарлады.
Иш-чара Кеннеди борборунда өтүп, Борбор Азия жана АКШнын ири компанияларынын өкүлдөрүн чогултту.
Конференциянын ачылышында АКШнын президентинин Борбордук жана Түштүк Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор жана АКШнын соода министри Говард Лютник сөз сүйлөштү.
Кыргызстан Борбор Азияга инвестиция тартуу маселелерине арналган негизги сессиянын теңтөрагасы болуп АКШнын Эл аралык өнүгүүнү каржылоо корпорациясы (DFC) менен бирге катышты.
«Deal Zone» аттуу өзүнчө сессияда «Айыл Банк» менен Citi Bank ортосундагы, «Айыл Банк» менен Oppenheimer ортосундагы, ошондой эле «Кыргыз Темир Жолу» менен All American Rail Group ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумдары жөнүндө жарыя болду.
Иш-чарада Кыргызстандын маданий-гуманитардык кызматташтыгын жана туристтик потенциалын илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кеннеди борборунда улуттук стенд орнотулуп, анда улуттук устакана буюмдары жана музыкалык аспаптар көрсөтүлдү.
Маданий программаны фольклор-этнографиялык ансамбль «Камбаркан»дын чыгармачылыгы да кооздоду.
Бул иш-чара кыргыз жана америкалык ири компаниялар арасында түз B2B байланыштарды орнотууга, Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүүгө жана өлкөнүн маданий мурастарын популяризациялоого маанилүү аянтча болду.
Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарында 6-ноябрда С5+1 форматындагы мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны өттү. Иш-чара «С5+1» диалог платформасынын 10 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашууга багытталган.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы тараткан




