Кыргызстан-Черногория: Дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлери визалык талаптардан 90 күнгө бошотулат

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Черногориянын өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу 2025-жылдын 8-майында күчүнө кирди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы маалымдады.

Макулдашууга ылайык,  Кыргыз Республикасы менен Черногориянын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери, макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү, транзит менен өтүү жана болуу үчүн визалык талаптардан биринчи кирген күндөн тартып 180 күндүн ичинде 90 күнгө бошотулат.

Макулдашууга 2024-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган.

Иллюстрациялык сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты