Кыргызстан-Азербайжан: Авиакаттам жана жүк ташуу келечеги талкууланды  

  • 1 год мурун

Азербайжанга жумушчу сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “AZAL” авиакомпаниясынын жетекчиси Жахангир Аскеров менен жолукту.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар аба каттамдары жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Анда негизинен эки мамлекет борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды жана аба аркылуу жүк ташууларын ачуунун келечеги каралды.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого салым кошот деп ишенем” деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маселенин техникалык параметрлерин кеңири талкуулоо үчүн жакынкы аралыкта эки өлкөнүн эксперттик топторунун жолугушуусун уюштурууну макулдашты.

Жолугушууга “Aviation Service Group” компаниясынын президенти Теймур Маммадов дагы катышты.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты