Кыргызстан аркылуу Орусияга Украинадан учак жана тик учак үчүн кошумча бөлүктөр жиберилип жатканы аныкталды  

  • 5 месяцев мурун

Кыргызстан аркылуу Украинадан Орусияга учак жана тик учактардын кошумча бөлүктөрү жиберилип жатат. Кошумча бөлүктөр Кыргызстандан “Бакайторг-1” компаниясы аркылуу жөнөтүлүп жатат. Бул тууралуу Istories. media сайты 27-ноябрда жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Орусиянын “Авиа ФЭД сервис” компаниясы орус авиа өнөр жайын (2022-июль 2023-жылдары) кеминде 650 млн рубль келген кошумча бөлүктөр менен камсыз кылган.

Украинанын чыгышында жаңжал башталганда “Авиа ФЭД сервис” (ФЭД- Феликс Эдмундович Дзержинский) Орусияга продукция жеткирүүнү расмий токтоткон. Бул Орусияга чоң сокку болгон, себеби Орусияга сатуунун 70% ишке ашырылып турган.   

Согушка чейин эле, “Авиа ФЭД сервис” украиналык санкцияга кабылган. Ошондуктан 2022-2023-жылдары анын  товар жиберүүсү түз эмес, Бириккен Араб Эмираттарында катталган Linker компаниясы аркылуу жүргүзүлгөн. 

Linker компаниясынын “Авиа ФЭД сервиске акыркы товар жиберүүсү бул жылдын январь айында болгон. Андан кийин товар жиберүү  Кыргызстандын “Бакайторг-1” компаниясы аркылуу жөнөтүлгөн. Бул компания 2013-жылдын апрель айында катталган. Ал “Авиа ФЭД
сервиске” дээрлик 40 млн рублдик товар жөнөтүүгө үлгүргөн. “Бакайторг-1” компаниясынын ээси жана директору Бакай Саадаев болуп эсептелет. Ал Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган, 2020-жылдын июль айында мамлекттик автоинспекцияга кызматка орношууга аракет жасаган, ошол учурда ал “Империя пиццы” ресторандар түйүнүндө курьер болуп иштечү.  

Linker компаниясынын ээси Пальчик Украинадан Орусияга эч кандай эч убакта товар жиберишпегенин айткан.  “Авиа ФЭД сервиске” товар жибергенби деп тактап сураганда, ал суроого жооп берүүгө даяр эместигин айткан.  

«Авиа ФЭД сервис» директору Александр Решетник Украинадан 2022-2023-жылдары келген товарларды компания мурда эле алганын, 2020-2021-жылдары жана алар чет өлкөдө жата бергенин билдирген.

Ал товарлар кандайча  бир  канча ай мурда катталган “Бакайторг-1” компаниясы аркылуу келгенин сураганда, ага жооп берген эмес.

Бакай Саадаев менен редакция сүйлөшө алган эмес.

Сүрөт: ФАО ФЭД

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты