Кыргызстан 4 айда 12 миң тоннага жакын сүт азыктарын экспорттоду

  • 4 недели мурун

2026-жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандан сүт азыктарынын экспорту 11 799 тоннаны түздү.

Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди.  

Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 688,2 тоннага көп. Өсүш болжол менен 16,7% болду.

Экспорттун өсүшүнө айрым сүт азыктарына болгон суроо-талаптын көбөйүшү негизги таасир этти. Тактап айтканда кычкыл сүт азыктарынын (курут, кымыз жана башкалар) экспорту 3,6 тоннадан 116,5 тоннага чейин өстү, сүттүн сары суусунун экспорту 164 тоннага жетти, майсыз кургатылган эчки сүтү — 17,6 тонна, сүт коктейли — 2,2 тонна, каймак — 1,6 тонна болду.

Ошол эле учурда айрым продукциялар боюнча экспорт көлөмү азайган. Алсак, сары май, кургак сүт, сыр, балмуздактын экспорту өткөн жылга салыштырмалуу азайды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты