Кыргызстан 2025-жылы үч маанилүү эл аралык уюмга төрагалык кылат
- 1 месяц мурун
2025-жылы Кыргызстан үч маанилүү эл аралык уюмга төрагалык кылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, 2025-жыл ар түрдүү маанилүү иш-чаралар менен өтүп, эл аралык диалог, кызматташтык жана коопсуздук темаларына арналат. “Кыргызстан келерки жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна, Шанхай кызматташтык уюмуна жана Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылат. Бул уюмдар Кыргызстан төрагалык кыла турган негизги уюмдар болуп саналат”,- деп билдирди Кулубаев. Мындан тышкары, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө кирүү боюнча аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.
Муну бөлүшүү