«Кыргыз продуктборбору» компаниясы Чүй облусунда мөмө-жемиш тоңдуруу заводун ачты

  • 5 месяцев мурун

Москва районунда “Кыргыз продуктборбору” жоопкерчилиги чектелген коому соода-логистикалык борбордун базасында мөмө-жемиштерди тоңдуруу заводун ачты. Анын ачылышына  Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

МинКаб төрагасы мөмө-жемиштерди тоңдуруу заводунун ачылышын колдоо максатында Кыргыз-орус өнүктүрү фонду 4 млн доллар бөлгөнүн билдирди. 

“Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлгөндөн берки 9 жылдын ичинде ири инфраструктуралык долбоорлорду каржылоонун аркасында өлкөбүздүн экономикасын модернизациялоонун жана өнүктүрүүнүн катализаторлорунун бири болуп калганын белгилей кетүү керек. Жалпысынан бул фонд тарабынан суммасы 589 млн 889 миң долларлык 3368 долбоор каржыланган. Каржыланган долбоорлордун жалпы санынын 56% айыл чарба тармагына туура келет” деди. 

Акылбек Жапаров ошондой эле, өлкө калкынын 65%зы элет жеринде жашаарын, ошол себептүү айыл чарба тармагын каржылоо жогорулаганын билдирди. 

Белгилей кетсек, IQF технологиясы аркылуу  мөмө-жемиштерди дароо тоңдуруучу мындай завод Кыргызстанда биринчи жолу ачылууда. Логистикалык кампага 4 миң тонна жашылча-жемиш батат жана ишкерлер өлкө боюнча 1 миңден ашуун фермерден жашылча-жемиштерди сатып алат.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты