“Кыргызлото” мамлекеттик ишканасынын директору кармалды
- 2 года мурун
Улуттук коопсуздук ммлекеттик комитети (УКМК) Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасынын (мындан ары – Кыргызлото) жетекчиси тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталганын билдирди.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тергөөнүн жүрүшүндө “Кыргызлотонун” жетекчиси К.В.В. жеке кызыкчылыгы үчүн, мыйзамсыз баюу жана материалдык пайда алуу максатында потенциалдуу инвесторлор менен өз ара аракеттенүүдө акча каражаттарын опузалап талап кылуу үчүн шарттарды түзгөндүгү аныкталган.
“К.В.В. өлкөнүн лотереялык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана акча салууга ниеттенген инвесторлордон 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Мындан тышкары, К.В.В. кошумча талаптарды коюу менен жасалма тоскоолдуктарды жаратып, ар бир лотерея билетин сатуудан “откат” талап кылган. 2025-жылдын 3-мартында козголгон кылмыш ишинин алкагында К.В.В. 10 миң АКШ долларынын бир бөлүгүн пара катары алып жаткан жеринен кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды” деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




