“Кыргызкөмүрдүн” жооптуу кызматкерлери кызматтан алынды   

  • 2 года мурун

Иштеги мүчүлүштүгү жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжановду жана ишкананын коммерциялык директору Тимур Чокморовду кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды.

Мындай чечим кечээ, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселесин кароонун жүрүшүндө белгилүү болду.

Энергетика министри Доскул Бекмурзавеге сөгүш жарыялады.

Мамлекет башчы энергетика министрлиги көмүр менен камсыздоодо жаралган көйгөйлөрдү өз убагында чече албай, тактап айтканда көмүр сатууда кымгууттукка жана кызыл кулактыкка  жол берилгенин билдирди.

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айдын ичинде орточо эсеп менен 14, 7 пайызга жогорулады. Бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 942,9 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты