Бишкек шаарынын мэриясы майда көмүрдү сатуу жана пайдалануу боюнча чектөөнү сактоого чакырды

  • 1 месяц мурун

9-октябрда Бишкек шаарынын мэриясы  абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө токтомун кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Бул документ борбор шаардагы абанын булганышын азайтууга багытталган жана чачылма көмүрдү сатуу, сактоо жана пайдаланууга чектөөлөрдү карайт. Чектөөлөрдүн аткарылышын муниципалдык инспекция көзөмөлдөйт.

Мындан тышкары, муниципалдык администрациялар жана мэриянын отун-энергетикалык комплекси  департаменти  калк арасында жаңы чаралардын максаты   боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилди.

Кабыл алынган чаралар Министрлер кабинетинин 2025-жылдын  6-октябрындагы № 639 «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомунун негизинде ишке ашырылат.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты