Көмүрдүн баасы бир айдын ичинде 14, 7 пайызга жогорулады

  • 2 года мурун

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бир айдын ичинде орточо эсеп менен 14, 7 пайызга жогорулады. Бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 942,9 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Эң кымбат көмүр Ноокат районунда — бир тоннасы 10 миң сомдон, Баткен районунда — бир тоннасы 9 344,7 сомдон жана Исфана шаарында — бир тоннасы 8 746,4 сомдон сатылууда.

Ал эми эң арзан көмүр Чаек айылында — бир тоннасы 3 000 сомдон, Балыкчы шаарында — бир тоннасы 4 049,7 сомдон, Нарын жана Кара-Балта шаарларында — бир тоннасы 4 миң 500 сомдон сатылып жатат.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен шаарында — тоннасына 1 138,0 сомго же 19,0 пайызга, Бишкек шаарында — 1 039,1 сомго же 22,8 пайызга, Таласта — 989,2 сомго же 17,4 пайызга жана Жалал-Абадда — 946,3 сомго же 16,2 пайызга көтөрүлгөн.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков кечээ, 11-ноябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында көмүрдүн баасы казуу иштеринин кечеңдеши, көлөмдүн аздыгы жана суроо-талаптын күчөшүнөн улам өсүп жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты