Бишкекте 159 миң тоннадан ашык көмүр даярдалды. Көмүр сатчу жайлардын даректери
- 3 недели мурун
Бишкек шаарынын мэриясынын отун-энергетикалык комплекси департаменти алдыдагы 2025–2026-жылдардын жылытуу мезгилине карата шаар тургундары үчүн 240,2 миң тонна көмүр даярдоо пландалганын билдирет.
Көмүр даярдоо иштери июль айынан башталып, жыл аягына чейин улантылат.
Маалыматта айтылгандай, 11-ноябрга карата даярдалган көмүрдүн көлөмү 159,43 миң тоннаны түздү, бул пландын 66,3% пайызына барабар.
Көмүр отун базаларында – 3 741 тонна көмүр, стационардык сатуу жайларында – 195тонна, Кыргызкөмүр» ААК отун базаларында – 350 тонна көмүр бар..
Текшерүүнүн жүрүшүндө көмүрдүн баасы 5 800 сомдон 8 000 сомго чейин экени, ал көмүрдүн маркасына жана чыккан жерине жараша өзгөрөрү аныкталды.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында калкка көмүр сатуу үчүн 10 отун базасы жана бир катар стационардык сатуу пункттары иштеп жатат.
Отун базалары:
Ленин району:
1.Мурманский көчөсү, 126;
2.Мурманский көч., 45/2. “Кара Тоо” ЖЧКсы;
3.Мурманский көч., 122, 122а. “Береке” ЖЧКсы;
4.Мурманский көч., 1б. “Беш-Сары” ЖЧКсы;
5.Алыкулов көч., 3;
6.Ден Сяопин пр., 308/4. “Болотбеков” ЖИ;
7.Алыкулов көчөсү., 6б. “АбиевНурлан” ЖИ;
8.Алыкулов көчөсү, 1д/1.
Октябрь району:
1.Аламүдүн станциясындагы «Төкөлдөш» конушу, «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы.
Свердлов району:
1.Достоевский көчөсү, 1. «Гефест» ЖИ.
Көмүр сатуучу стационардык пунктар:
Свердлов району:
1. «Лебединовка» МАБ, Жеңиш проспекти, №23;
2.Жеңиш проспекти, №289;
3. «Биримдик-Кут» конушу, 26-контур;
4. «Ак-Жар» конушу, борбордук көчө;
5. «Аламүдүн» МАБ, Алмата көчөсү, №262;
6. «Төмөнкү Ала-Арча» МАБ, Кыргыз көчөсү, 1/а;
7.Кыргыз көчөсү №8, 10, 12, 20, 24;
Октябрь району:
1.Анкара жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
2.Көк-Жар айылы, 20-квартал, 7-Апрель көчөсү, №32, Мадиева көчөсү, 38;
3. «Көк-Жар» конушу, Полевая көчөсү, 1/7;
4. «Кара-Жыгач» конушу, Оберон жана Сары-Өзөн көчөлөрүнүн кесилиши;
5. «Төкөлдөш» конушу, Сары-Өзөн көч., 98а;
6. «Рухий Мурас» конушу, Анкара жана Биринчи көчөлөрүнүн кесилиши.
Биринчи май району:
1.Пригородное айылы, Юбилейная көчөсү, №50;
2.Озерное айылы, Школьная жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
3.Щербаков көчөсү, №121;
4.«Алтын-Бешик» конушу, Мыскал жана Мидин көчөлөрүнүн кесилиши;
5.Кызыл-Кыя көчөсү, №172;
6.«Калыс-Ордо» конушу, айланма жол №207 МАБ;
7. «Калыс-Ордо» конушу, айланма жол;
8.Жаш Гвардия, №177.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




