“Кыргызиндустрия” ААК түзүлдү

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин токтому менен «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому (ААК) түзүлдү.  

Анын уставдык капиталына мамлекет ээлик кылмакчы. Мында мамлекет жалгыз акционер болот.

Акционердик коомду түзүүнүн негизги максаты туунду компаниялардан түшкөн акча каражаттарын натыйжалуу жана ачык-айкын бөлүштүрүү деп эсептелүүдө.

Уставдык капиталы 1 млрд сом “Кыргызиндустрия” компаниясын түзүү Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган.   

Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.    

Сүрөт: Минкаб. басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты