Тикендүү алтыгананы жок кылуу жана кайра иштетүү боюнча кытайлыктар менен биргелешкен ишкана түзүү сүйлөшүлдү

  • 6 дней мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Ганьсу провинциясынын элдик саясий консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары Хо Вэйпин баштаган делегация менен жолукту. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы агроөнөр жай тармагындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Анда жашылча-жемиштердин жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн өндүрүү боюнча кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Ганьсу провинциясы айыл чарба багытында жогорку дараметке ээ, үрөн өндүрүүдө Кытайдын 70%зын камсыздайт жана илимий изилдөө институттары менен да белгилүү. 

Жолугушууда Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана-карагана бадалы менен күрөшүү маселеси тууралуу да сөз болду. Анда жайыттарды ээлеп жаткан тикендүү алтыгана-карагана бадалын жок кылуу гана эмес, аны кайра иштетүү жолу менен тоют жана жер семирткич чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана куруу сүйлөшүлдү. Ошондой эле, картошка өстүрүүдө Кыргызстанды Кытайдын атайын техникалары менен камсыздоо, тажрыйба алмашуу жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо сүйлөшүлүп, бул багытта эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын адистери иш алып бара турган болду. 

Статистикалык малыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода алакасы 2024-жылы 23 млрд доллар болсо, ушул жылдын тогуз айында 22 млрд долларды түзгөн. Ал эми, өлкөнүн айыл чарба продукцияларын экспорттоо эки пайызга өскөн. 

Сүрөттө: Алтыгана бадалы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты