Кыргыздын улуттук баалуулуктарын дүйнөгө даңазалаган ишкананы өрт чалды. Мансур Абылаевдин кайрылуусу  

Кечээки өрткө байланыштуу Kyrgyz Handmade, Kyrgyz Yurt компанияларынын негиздөөчүсү, Кыргыздын улуттук баалуулуктарын дүйнөгө даңазалап жүргөн Мансур Абылаев 19-декабрда Фейсбук аркылуу видеокайрылуу жасады.

Видео кайрылууда мындай деп айтылат:  

-Кечээ, 18-декабрда, кечинде биздин ишканабызда чоң өрт болду. Мында жер үстүндөгүлөрдүн бардыгы, кампабыз ичиндеги оокат-аштары менен: кийиздер, шырдактар, боз үйлөр – бардыгы өрттөнүп кетти. Өрт деген ушундай, эчтекени карабайт экен, баары бат эле жок болуп кетти. Өрт өчүрүүчү кызматтар убагында келди, өчүрүштү, бирок болгон нерселер жок болду. Эң негизгиси — биздин кызматкерлердин бардыгы аман-эсен, эч кандай жаракат алышкан жок. Кеңсенин ичинде кызматкерлер бар болчу, бардыгы ордунда.

Кечээтен бери маалымат Интернет булактарына чыккандыктан, көп достор, жакындар, туугандар чалып, “кандай жардам көрсөтөлү, эмне кылалы” деп колдоолорун көрсөтүүдө, бардыгыңыздарга чоң рахмат. Бизде баары жакшы, кызматкерлерибиз менен калдыктарды чыгарып, орду-ордуна койдук. Буйрук экен, биз сынбайбыз, ишибизди калтырып койбойбуз деген ишеничтебиз. Эң негизгиси, биздин кардарлар, биз алдын ала алган төлөмдөрүбүздүн баары ордуна коюлат, кичине сабыр кылсаңыздар, жоопкерчилибиздин баарын аткарганга аракет кылабыз, тез аранын ичинде. Азыр кайсы жерге көчүп барып, ишибизди тез арада кайрадан улантуу тууралуу ойлонуп жатабыз. Биз менен иштешип жаткан 200гө жакын уз айымдарыбыздын баарына сабыр кылып туруңуздар деп айтабыз. Буюрса, ишибизди таштабай, кайра ордуна койгонго аракет кылабыз. Жардамыңыздарга баарыңыздарга чоң рахмат, бизге азыр эчтекенин кереги жок, колдооңуздарга, каалоо- тилектериңиздерге чоң рахмат, ишканабыз менен, баарыбыз биргебиз. Бул сыноону дагы жеңебиз деген ишеничтебиз,-деди Мансур Абылаев.

Кечээ, 18-декабрда, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Көк-Жар айылындагы “Байбол” кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы тараган. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 өрт өчүрүүчү машина жана ыкчам-нөөмөт кызматы тартылган. Тилсиз жоо саат 21:21де чектөөгө алынып, саат 23:05 өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжол менен 350 чарчы метрди түзөт.

Kyrgyz Handmade, Kyrgyz Yurt компанияларынын негиздөөчүсү Мансур Абылаев айткандай, өрттө кыргыздын улуттук баалуулуктары сакталган кампалардагы товарлардын баары күйүп кеткен.

Сүрөт: Өрт чыккан жер. Социалдык тармактан 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты