Бишкек шаарынын Көк-Жар айылындагы кафеден чыккан өрт өчүрүлдү
- 4 недели мурун
- Видео
18-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь районунун Көк-Жар айылында жайгашкан «Байбол» кафесинен өрт чыкты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 өрт өчүрүүчү машина жана ыкчам-нөөмөт кызматы тартылган. Тилсиз жоо саат 21:21де чектөөгө алынып, саат 23:05 өчүрүлдү.
Өрттүн аянты болжол менен 350 чарчы метрди түзөт.
Сүрөт: ӨКМ видеосунан алынды
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




