Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтун келерки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт

  • 2 года мурун

Кыргызстан-Өзбекстан мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топтун келерки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.  

Буга чейин, 4-8-июлга чейин Өзбекстандын Анжиян шаарында алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. 

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду.

 Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты