Кыргыз-өзбек чек арасы: Ферганада жумушчу топтор жолугушту

  • 1 год мурун

12-18-февралда Өзбекстандын Фергана шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдашты, ошондой эле чек аранын айрым участокторун жер-жерлерде изилдөө графигин макулдашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Сүрөт: Минкаб. басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты