Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча парламент комитетинин жыйыны башында гана ачык болуп, учурда жабык каралууда

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-октябрда, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйыны ачык түрдө өтүп жатат. Жыйынды комитет төрагасы Чыңгыз Айдарбеков алып барууда.

Депутат Мирлан Самыйкожо эмне себептен бул жыйынга камералар киргизилбей турганын айтты. Депутат  Адахан Мадумаров бул комитетте башкаларга камера алып кирүүгө тыюу салынса, эмне себептен бул жакта камера иштеп турганын, алар кыркып, кыскартып, тиешелүү жерин берээрин айтты.           

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев азыр комитетте келишимдин долбоору гана талкууланып жатканын билдирди.    

-Келишимдин долбоорун талкуулоо, макулдашуу үчүн гана алып келип жатабыз. Эмнеге жарымы жабык жана жарым ачык деп жатасыңар. Биз жыйынды башында ачык эле көрсөтөбүз. Документке кол коюлмайынча, ачыктаганга акыбыз жок.  Көрсөтө турган карталарыбыз жашыруун.  Тартып жаткан камера — УКМК камерасы, жалгыз камера. Бул камера документтештирип жатат. Бул камера тарткандар эч жакка чыгарылбайт -деп билдирди Ташиев.  

Мадумаров документтер үч күн мурун таратылбай, регламент бузулуп жатканын кошумчалады.  

Камчыбек Ташиев Президенттер кол койгондон кийин гана ачыктала турганын, азырынча ушул деңгээлде гана ачыктала турганын айтты.

Комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков азыр бериле турган маалымат жашыруун болгондуктан, андан ары маалымат жабык өтөрөн айтып, добушка койду. Комитет жыйын андан ары жабык өтө турган болду.

Бүгүн, 10-октябрда, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Жогорку Кеңештин комитет жыйыны ачык өтөт деп жарыяланган. Бирок жыйынга депутаттарга жана журналисттерге чөнтөк телефон менен кирүүгө тыюу салышты.

Жыйын ачык болорун президент Садыр Жапаров кечээ, 9-октябрда» Кабар» агенттигине маек берген учурда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча жыйын ачык өтүшү керек кенин билдирген.

-Мен эми ачык эле айтайын. Чек араны тактоодо буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары бизге өттү. Айылдарда болобу, тоолордо болобу же түз жерлерде болобу талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы биздин пайдабызга чечилди. Буга жетиш үчүн эмне деген гана сүйлөшүүлөр, эмне деген гана эмгектер жумшалбады. Сыр кылып турганыбыздын себеби, кол коюшуп мыйзамдаштырып алганга чейин айнып кетип бузулуп кетпесин деген элек. Эми бүгүн мен: «Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем» деген Президент Жапаров.

Сүрөт: ЖКнын 10-октябрдагы парламент жыйынын баш жагындагы видеосунан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты