«Кыргыз өзөгү-ой иле таасири» Көргөзмө
- 3 года мурун
3-декабрдан 10-декабрга чейин Бишкекте «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан МИКСТУРА арт-фестивалынын алкагында уюштурулуп жаткан, кезектеги маданий иш-чара өтөт.
3-декабрь күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Кыргыз өзөгү — ой иле таасири» аталышындагы ар кыл көркөм көргөзмөнүн бет ачары болот.
Бул көргөзмө — сүрөтчү Алтынай Осмоеванын улуттук иденттүүлүктү сактоо тууралуу ой толгоосу. Таразанын бир тарабында салттуу маданият жана элдик даанышмандык болсо, экинчи тарабында – социалдык тармактардагы сулуулук, жүрүм-турум жана ой жүгүртүү стандарттары турат.
Ааламдашуу доорунда майда этностор канткенде өз маданиятын сактап калуу менен бирге заманбап жашоонун агымы менен кете алат? Кайсы социалдык тармактардын стандарттары чындап баалуу, кайсынысы маркетинг технологиясы аркылуу таңууланган?
Сүрөтчү арт-объектилерин жаратууда көчмөн кыргыздардын байыркы маданиятына таандык болгон кыт, камыр жана кийизди, ошондой эле пластик, катырылган желим жана бүгүнкү күнгө мүнөздүү болгон заманбап сулуулук индустриянын атрибуттарын пайдаланган.
Анын ар кыл көркөм куралдары — сүрөт, инсталляция жана видео. Көргөзмөнүн баштапкы аталышы «Кыт, камыр, кийиз жана Ким Кардашьян».
Дареги: Бишкек шаары, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, Жусуп. Абдрахманов көчөсү 196. Убактысы: 3-10-декабрь. Ачылышы: 3-декабрь, саат 15:00дө.