Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондуна 34 млн доллар кошумча каражат бөлүү макулдашылды
- 4 недели мурун
Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын көбөйтүү маселеси каралып, ага ылайык Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун кошумча 34 млн долларга кошумча капиталдаштыруу боюнча макулдашуу жетишилди.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Будапешт шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушуу учурунда сөз болду.
Министрлер кабинетинин сайтындагы маалыматта айтылгандай, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу Кыргызстандын жана Венгриянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүн бириктире турган ишкер кеңешин түзүү жана жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын экологиялык жактан таза продукцияларын Европа өлкөлөрүнө экспорттоону көбөйтүү каралып, бул багытта европалык сапат жана коопсуздук стандарттарына шайкеш келген логистикалык борборлорду түзүүнүн келечеги талкууланды.
Сүрөт: gov.kg