«Кыргыз туусу» маалыматтык басма үйүнүн жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды

  • 2 недели мурун

“Кыргыз Туусу” маалыматтык-басма үйүнүн эмгек жамаатына жаңы жетекчи — Галина Байтерек тааныштырылды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жаңы жетекчини жамаатка президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тааныштырды.

Галина Байтерек эмгек жолун 1994-жылы “Баластан” балдар студиясында баштап, режиссёр, редактор жана алып баруучу болуп иштеген. Кийин КТР, ЭлТР жана КТРК телерадиокомпанияларында баяндамачы, саясий серепчи, түз эфир алып баруучу катары эмгектенип, бир катар аналитикалык жана коомдук-саясий берүүлөрдүн автору жана алып баруучусу болгон.

2020-жылдын октябрь айында президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалып, 2021-жылдын май айынан тартып президенттик администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүн жетектеп келген.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон чечимдин негизинде “Кыргыз Туусу” маалыматтык-басма үйү” мамлекеттик мекемеси түзүлгөн. Жаңы түзүмгө “Кыргыз Туусу” жана “Слово Кыргызстана” басма үйлөрү, “Байчечекей” жана “Ала-Тоо” журналдарынын редакциялары бириктирилген.

Сүрөттө: Галина Байтерек. Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты