Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 23-февралда, Алмасбек Абытов Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду. 

Алмасбек Абытов президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулган. Ал кызматтан ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кеткендигин айтып чыккан.

Анын ордуна Бектур Зулпиев президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Сүрөттө: Алмасбек Абытов. keneh.kg  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты