Министрлер кабинети мамлекеттик менчик жерди чет элдик инвесторлорго 50 жылга ижарага берүү долбоорун коомдук талкууга чыгарды
- 4 недели мурун
Министрлер кабинети “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомду коомдук талкууга чыгарды.
Документ «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын
9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталат.
Облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын аймактарынын чегинде жайгашкан жер участоктору тиешелүү облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан берилет.
Аталган документ боюнча «Кыргыз Республикасынын президентинин чечимин (тапшырмасын) аткаруу максатында улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында капиталдык объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк жактарга, 50 жылга чейинки мөөнөткө бир жолку төлөмдүн негизинде акы төлөнүүчү мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга” берүү сунушталууда.
Министрлер кабинетинин сунушу коомчулуктун талкуусуна коюлду.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




