Кыргыз темир жолу: Мунай продуктыларын Казакстан аркылуу өткөрүү боюнча көйгөй жок  

  • 7 месяцев мурун

Кыргыз темир жолу мунай продуктыларын Казакстан аркылуу Кыргызстанга өткөрүү боюнча маселе жок, өлкөдө күйүүчү-майлоочу майлардын  тартыштыгы болбой турганын билдирди.

4-октябрда Астана шаарында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Сакиев менен “Казакстан темир жолу” башкармалыгынын төрагасы Сауранбаевдин жолугушуусу болуп, анда жүк ташуучу уюштуруунун актуалдуу маселелери талкууланып, 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча жүк ташуунун көлөмү көбөйгөнү белгиленген.    

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы Орусиядан ташылган күйүүчү майларды Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылыктар пайда болгонун билдирди.

Бирикменин 3-октябрда тараткан маалыматына караганда, 1-сентябрдан бери “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясы эч кандай расмий түшүндүрмө бербей туруп жүк алып өтүүлөрдүн айлык планы тууралуу макулдашууну кабыл албай жатканы айтылат.

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты