Кыргыз-тажик чек арасы: Топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өттү  

  • 3 месяца мурун

5-майдан 11-майга чейин Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда тараптар кыргыз-тажик чек ара тилкелери боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти. Калган тилкелер боюнча ишти Кыргыз Республикасында боло турган кийинки жолугушууда уланта турган болушту.   

Буга чейин 2024-жылдын 24-мартынан 29-мартына чейин Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер жана топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 28,37 чакырымы макулдашылган. 

Сүрөт: Жолугушуу учурунда. МинКаб басма сөз кызматы 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты