Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн теңтөрагалары жолугушту

  • 6 месяцев мурун

1-декабрда Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун ишине оң баа беришти жана калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүнүн сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты