Кыргыз-тажик чек арасы: суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү

  • 2 года мурун

Тажикстандын Исфара районундагы «Гулистон» өткөрүү пунктунда чек арадагы соңку кырдаал талкууланган эки тараптуу жолугушууда чек арага жакын жайгашкан айылдардын чарбачылык маселелери (арыктарды, каналдарды тазалоо иштери жана элди сугат суу менен камсыздоо), көпүрөлөрдү оңдоо иштери боюнча суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн биринчи бөлүгүндө негизинен кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде катталган окуялардын келип чыгуу себептери жана тынчтыкты кармап калуу жолдору талкууланды.

Жолугушуунун экинчи бөлүгү Баткен жана Согд облусунун жетекчилери Абдикарим Алимбаев менен Ражаббой Ахмадзоданын катышуусунда улантылып, анда жалпысынан төрт маселе каралды:

1) Чек арага жакын жайгашкан айылдардын чарбачылык маселелери (арыктарды, каналдарды тазалоо иштери жана элди сугат суу менен камсыздоо), көпүрөлөрдү оңдоо иштери. Бул маселе боюнча атайын эки облустун биринчи орун басарларынын жетектөөсүнүн астында суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү;

2) Чек арага жакын жайгашкан айылдарда коомдук тартипти сактоо маселеси боюнча милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын байма-бай жүргүзүп, эки элдин ортосунда чагымчыл аракеттерди болтурбоо боюнча биргеликте кызмат өтөө;

3) Чек арада катталган мал уурдоо боюнча тез арада маалымат алмашып, кайра мал ээсине малдарды толук кайтарып берүү маселесин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн деңгээлинде сүйлөшүү;

4) Дрон (БПЛА) чек ара аймактарында учурууга тыюу салуу маселеси.

Ал эми эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда чек араны кайтаруу, кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча өзүнчө каралды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты