Кыргыз-тажик чек арасы: Биринчи этапта 420 чакырымга тосмо орнотулары күтүлүүдө
- 2 недели мурун
- Фоторепортаж
Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдиргендей, Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында зым тосмолорду орнотуу иштери башталды. Бул тарыхый окуя үч мамлекет – Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан чектешкен жерде башталды.
“Биз бүгүн Кыргызстан жана Тажикстан жарандары үчүн тарыхый чоң мааниси бар окуяга күбө болуп жатабыз. Чек араны иретке келтирүү иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүү үчүн Чек ара кызматы бардык күч-аракетин жумшайт. Биздин максатыбыз чек арада коопсуздукту жана тынчтыкты камсыз кылуу” деди Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев.
Бул тарыхый окуяга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев онлайн форматта күбө болду. Ал эми окуя болгон жерде Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча өкүлү Назырбек Бөрүбаев жана президенттин Баткен облусу боюнча өкүлү Айбек Шаменов катышты.
Биринчи этапта 420 чакырым тосмо орнотулат. Чек аранын ар кайсы тилкелеринде 3D-торчолору, темир тикенектүү торлор орнотулуп, көп деңгээлдеги кайтаруу уюштурулат. Айрым тилкелерде танктын өтүшүнө каршы арыктар казылат.





Сүрөттөр: Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы