Кыргыз-түрк “Манас” университетинде медициналык факультет ишке киришти
- 11 месяцев мурун
Кыргыз-түрк “Манас” университетинде медициналык факультет ишке киришти. Бул тууралуу 25-июлда саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев менен Кыргыз–Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейландын жолугушусунда сөз болду.
Министр Эркин Чечейбаев «Манас» университетинин базасында медициналык факультетти түзүү өз учурунда кабыл алынган маанилүү кадам экенин белгиледи.
Окууну аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик саламаттык сактоо системасында иштеп, анын өнүгүшүнө жана чыңдалышына салым кошушат деп күтүлүүдө.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында айтылгандай, окуу программасы мамлекеттер аралык кызматташтыктын алкагында ишке ашырылып, Кыргызстандын аймагында билим берүү жана Түркияда клиникалык практика өтүүнү камтыган көп баскычтуу даярдоону көздөйт. Окуу процесси эл аралык талаптарды эске алуу менен түзүлүп, эки өлкөнүн окутуучуларынын катышуусунда жүргүзүлөт. Бүтүрүүчүлөргө берилчү дипломдор Кыргызстан менен Түркиянын аймагында таанылат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




