Чолпон-Атада ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин жыйыны өтүүдө
- 3 недели мурун
Чолпон-Ата шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин XXIII жыйыны өтүүдө.
Бул тууралуу Кыргызстандын маданият министрлиги кабарлады.
Жыйынга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын расмий делегацияларынын башчылары, ошондой эле ШКУнун башкы катчысынын өкүлү катышууда.
Министр Мирбек Мамбеталиев Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык маданий иш-чаралар, маданий мурастарды сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана археологиялык табылгалар тууралуу маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз тарап Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин Эл аралык театр фестивалын өткөрүү демилгесин сунуштап, ошондой эле кинематография тармагындагы продукцияны кеңейтүүнүн жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.
Министр ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форумунун ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, анын дүйнөлүк гуманитардык диалог үчүн маанилүү аянтча болуп калганын айтты.
Жыйындын алкагында министрлер биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу, эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүү, маданий мурастарды сактоо жана ШКУ мейкиндигиндеги гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин талкуулашат.
Сүрөт: Маданият министрлиги




