Кыргыз Республикасынын жарандарынын АКШда жүрүү тартиби. ТИМдин маалыматтык билдирүүсү
- 10 месяцев мурун
Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын Америка Кошмо Штаттарында жүрүү тартиби жөнүндө кабарлап негизги жагдайларга көңүл бурууну өтүнөт.
Негизги жагдайлар:
— АКШда болуу мөөнөтүн ар бир кирген учурда АКШнын Бажы жана чек ара кызматынын кызматкери аныктайт, бул визанын мөөнөтүнө көз каранды эмес.
— АКШга баргандан кийин жарандарга Бажы жана чек ара кызматынын онлайн-сервисинен (I-94 формасы) өздөрүнө уруксат берилген мөөнөттү текшерип коюу сунушталат. Текшерүү шилтемеси: https://i94.cbp.dhs.gov
— Белгиленген мөөнөттү так сактоо зарыл. Визалык режимди бузуу терс укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарды АКШ аймагынан I-94 формасында көрсөтүлгөн датадан кечиктирбестен чыгып кетүү зарылдыгын эскертет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




