Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 15-мартта, Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү опера ырчысы, Абдылас Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыктын лауреаты, доцент Талгарбек Жакшылыков акыркы сапарга узатылды.

Анын коштошуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов баштаган расмий өкүлдөр, кесиптештери, жакындары жана кеңири коомчулук катышты.

Чыгып сүйлөгөндөр Талгарбек Жакшылыковду студент кезинен чыгармачылыкка аралашып, алгач Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында хор артисти катары иштей баштап, театрдын жетектөөчү солисти, опера труппасынын инспектору кызматын айкалыштырып иштегенин, өзгөчө үнү менен айырмаланган Талгарбек Жакшылыковдун дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун эң татаал делген партиянын бөлүктөрүн ырларын‚ романстарын чебер аткарып, коомчулукка таанылганын эскеришти.

Талгарбек Жакшылыков 1964-жылы Алматы облусунун Балкаш районундагы Куйган кыштагында туулган. 1984-1986-жылдары Караколдогу Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайында окуган. 1987-жылдан 1993-жылга чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хорунда ырдаган. 1993-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин аталган театрда узак жылдар бою солист катары эмгектенген.

1998-жылдан тартып Кыргыз улуттук консерваториясында иштей баштаган. Жеке ырчылык кафедрасынын улук окутуучусу, доценти болгон.

Талгар Жакшылыков чет элдик, орус жана кыргыз композиторлорунун операларында 40тан ашык ролду ырдаган. 2003-жылы ал эң жогорку баага — Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына ээ болгон.

Маркумду акыркы узатуу зыйнаты бүгүн, 15-мартта, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү. КР эл артисти Талгарбек Жакшылыковдун сөөгү Ала- Арча көрүстөнүнө жерге берилди.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков акыркы сапарга узатылды
Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков акыркы сапарга узатылды
Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков акыркы сапарга узатылды
Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков акыркы сапарга узатылды
Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков акыркы сапарга узатылды
Кыргыз Республикасынын эл артисти Талгарбек Жакшылыков акыркы сапарга узатылды

Сүрөттөр: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты