Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов дүйнөдөн өттү

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз улуттук “Манас” театрынын көрүнүктүү актеру, театр жана кино өнөрүнүн чебери,  Театр ишмерлер союзунун мүчөсү Абдыкалык Акматов дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Абдыкалк Акматов кыргыз маданиятына чоң салым кошуп, улуттук театр өнөрүнүн өнүгүшүнө өмүрүн арнаган инсандардын бири эле. Анын таланты, эмгеги жана адамдык асыл сапаттары элдин эсинде түбөлүк сакталат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана жалпы маданият өкүлдөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт: Маданият министрлиги тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты