Кыргыз эл артисти, профессор Улукмырза Полотов дүйнөдөн кайтты
- 2 месяца мурун
17 июнда 83 жаш курагында Кыргыз эл артисти, профессор Улукмырза Полотов дүйнөдөн кайтты.
Улукмырза Полотов Кыргызстандын музыкалык искусствосуна зор салым кошту.
Улукмырза Полотов 1943-жылы Аксы районунда туулган. 1968-жылы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын аяктаган. 1973-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.
1973-2005-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын солисти болгон.
Улукмырза Полотовдун Кыргызстандын музыкалык искусствосуна кошкон зор салымы үчүн Кыргыз эл артисти наамы ыйгарылган. 3-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
Улукмырза Полотов окутуучу катары маданият жана искусство жаатында көптөгөн окуучуларды тарбиялап өстүрдү.
Кыргыз эл артисти, профессор Улукмырза Полотовдун жаркын элеси коомчулуктун эсинде түбөлүккө сакталып кала бермекчи.
Сүрөттө: Улукмырза Полотов. Интернет булактарынан




