Кыргыз Республикасынын эл артисти Режабай Тажибаев дүйнөдөн кайтты

  • 10 месяцев мурун

73 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын актеру Реджабай Тажибаев 9-июлда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Режабай Тажибаев 1950 -жылы Ош шаарында туулган. Эмгек жолун 1972-жылдан тарта Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында драма артисти катары баштап, өмүрүнүн акырына чейин аталган театрда эмгектенди.

Драма актеру катары “Кожо Насреддин” спектаклинде Кожо Насреддиндин ролун аткарып, Оштун “Кожо Насреддини” катары таанылса, И. Акрамдын «Адилет» спектаклинде кичинекей баланын, С. Абдулланын “Тахир жана Зухра” спектаклинде Кара баатырдын, К. Яшиндин “Нурхонунда” Маматтын, О. Хакимов “Бул чалдар — жаман чалдарда” Махкамдын, Ж. Садыковдун “Айкөл Манас” спектаклинде Алманбеттин, С. Раевдин “Таажы” спектаклинде Караандын, Ж. Садыковдун “Бабур” спектаклинде Шайбанинин ролун чеберчилик менен аткарып, көптөгөн чет өлкөлүк режиссерлордун да назарына түшкөн.

Сүрөт: Министрлик тарабынан берилген сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты