Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүркановдун 80 жылдык мааракеси белгиленди

  • 1 год мурун

Бүгүн, 5-июнда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Анатай Өмүркановдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, мамлекеттик органдардын жетекчилери, коомдук ишмерлер, акындын жакындары, калемдештери жана чыгармачылыгын баалаган күйөрмандары катышты.

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаровдун куттуктоо каты менен тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Анатай Өмүрканов ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алтын медалы менен сыйланды. Ошондой эле ага Бишкек шаардык кеңешинин “Патриот” төш белгиси ыйгарылды.

Мааракелик иш-чаранын алкагында акындын калемине таандык ырлар Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттеринин аткаруусунда, анын сөзүнө жазылган обондуу ырларды филармониянын солисттери аткарды. Концертти Орозов атындагы Кыргыз улуттук академиялык эл аспаптар оркестри коштоду.

Анатай Өмүркановдун 80 жылдык мааракеси буга чейин, 2-июнь күнү акындын кичи мекени Талас облусунда да белгиленген.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты