“Мени сактап жүргөн элге рахмат”. Шайлообек Дүйшеевдин 75 жылдыгы белгиленди
- 9 месяцев мурун
25-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Шайлообек Дүйшеевдин 75 жылдыгына арналган поэтикалык-музыкалык кече болуп өттү.
“Мени сактап жүргөн элге ырахмат” аттуу мааракелик кече — акындын өмүр жолу, чыгармачылык салымы жана улуттук поэзиядагы ордуна арналган руханий, көркөм иш-чара болду.
Кечеге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев , акын-жазуучулар, коомдук жана саясий ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жакындары катышты.
Министр өз сөзүндө “Шайлообек агайдын ырлары – кыргыз рухунун, элдин жүрөгүнүн, турмуш чындыгынын көркөм элчиси. Агайдын чыгармачылыгы — бүтүндөй бир доордун үнү” деп белгиледи.
Кечеде акындын поэзиясы сахнада көркөм окулуп, музыкалык чыгармалар менен коштолду. Даректүү видеофильм, мизансценалар, ыр аткаруулар жана китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Сүрөттөр: Маданият министрлиги




