Кыргыз эл артисти Абдыкалык Акматов акыркы сапарга узатылды
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 26-мартта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Абдыкалык Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Коштошуу аземи Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры имаратында уюштурулды. Ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, кесиптештери, достору жана жакындары катышты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев сөз сүйлөп, маркумдун кыргыз маданиятына кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи. Андан соң президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекет башчысынын атынан көңүл айтты.
Маркумдун замандаштарынын атынан Табылды Актанов, кино тармагындагы кесиптештеринин атынан Артыкпай Сүйүндүков, досторунун атынан Темирлан Сманбеков, жердештери чыгып сүйлөп, Абдыкалык Акматовдун адамдык бийик сапаттарын жана чыгармачылык мурасын айтып өтүштү.
Абдыкалык Акматов 2026-жылдын 25-мартында 71 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайткан. Ал 1955-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында туулган.
Эмгек жолун 1975-жылы Ош облустук Султан Ибраимов атындагы драма театрында жарык берүүчү болуп баштап, 1978-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук кинематография институтунун актердук факультетин аяктап, киноактёр адистигине ээ болгон.
Чыгармачылык жолунда ал өмүрүн толугу менен театр жана кино искусствосуна арнады. Кыргызфильм, Мосфильм жана башка эл аралык студиялар менен кызматташып, “Ак илбирстин тукуму”, “Кайчылаш жолдор”, “Кербез”, “Көчмөндөр”, “Чынгызхандын ак булуту” сыяктуу тасмаларда терең мазмундуу образдарды жараткан. Театр сахнасында да “Манастын уулу Семетей”, “Коркут ата”, “Томирис” сыяктуу спектаклдерде роль аткарган.
Сүрөт: Маданият министрлиги




