Анатай Өмүрканов менен Саламат Садыкова “Кыргыз Республикасынын сыймыгы” наамына татыктуу болду
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу жарандар сыйланды.
Сыйлангандардын арасында “Эмгек баатыры” артыкчылык даражасына татыктуу болгондор, ор, “III даражадагы “Манас” орденин алгандар, “Ардак” медалын жана “Кыргыз эл жазуучусу”, “Кыргыз эл акыны”, Кыргыз эл артисти” ж.б. ардактуу наам алгандар бар.
Режиссер Уланмырза Карыпбаев, дирижер Боромбай Кулахматов, артист Темирлан Сманбеков, театр жана кино актеру Болот Тентимишов, артист Самидахан Халматова “Кыргыз эл артисти” наамын алды.
Жеңишгүл Өзүбекова Кыргыз эл жазуучусу, Атантай Акбаров Кыргыз эл акыны наамын алды.
Кыргыз эл жазуучусу Анатай Өмүрканов жана Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова “Кыргыз Республикасынын сыймыгы” ардактуу наамына ээ болду.
Сыйлангандардын толук тизмеси бул шилтемеде.
Сүрөттө: Саламат Садыкова. Интернет булактарынан




