Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосунда эки келишимге кол коюлду
- 1 год мурун
18-июнда Брюссель шаарындагы Бенилюкс секретариатында Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин (Бельгия, Нидерланддар, Люксембург) ортосунда эки келишимге кол коюу аземи болуп өттү:
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
— Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосунда жарактуу дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө келишим;
— Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосунда уруксатсыз кирген же жүрүп жаткан адамдарды кайтаруу (реадмиссия) жөнүндө келишим.
Кыргыз Республикасынын атынан документтерге Бельгиядагы элчиси Айдит Эркин кол койду. Бенилюкс тараптан — Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук маселелер боюнча башкы директору, ошондой эле Нидерланддар менен Люксембургдун элчилери кол коюшту.
Кол коюу аземи келишимдердин депозитарийи болуп саналган Бенилюкс башкы катчысынын катышуусунда өттү.
Сүрөт: Кол коюу учуру. ТИМ басма сөз кызматы




